Кыргызстандыктар хорсболдун суперфиналында француздарды утуп алды

© Sputnik / Табылды КадырбековРегиональный чемпионат по хорсболу в Токтогуле
Региональный чемпионат по хорсболу в Токтогуле - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Экинчи ирет өтүп жаткан чемпионаттын байге ээлерине акчалай сыйлыктар тапшырылды

БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Токтогулдун "Биримдик" командасы хорсбол боюнча чемпионатта франциялык атаандаштарын 4:3 эсеби менен утуп алды.

Бүгүн россиялык UFC мушкери Хабиб Нурмагомедовдун атасы Абдулманап Нурмагомедов Ош шаарына келди - Sputnik Кыргызстан
Хабиб Нурмагомедовдун атасы Ош шаарына мастер-класс өтүү үчүн барды. Сүрөт
Мелдеш 25-январь күнү Жалал-Абад облусундагы Токтогул районунда болду.

Хорсбол федерациясынын президенти Мунарбек Кулданбаевдин айтымында, чемпионатка жергиликтүү алты жана Франциядан келген бир команда катышкан. "Биримдик" командасы мелдешти утуп, франциялыктар менен суперфиналга чыккан. Оюн кыргызстандыктардын пайдасына 4:3 эсеби менен соңуна чыккан.

Хорсбол — франциялык спорттун түрү. Анда баскетбол менен регбинин элементтери камтылган. Болгону оюн ат үстүндө ойнолот. Атаандашынын алкакчасына көп топ таштаган команда жеңишке жетет. Ар бир топто төрттөн киши болуп, 10 мүнөттөн эки тайм ойношот.

Жаңылыктар түрмөгү
0