БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Өзбекстандын өкмөтү Казакстанда автобус эмнеден улам күйүп кетиши мүмкүндүгүн жарыялаган токтомун чыгарганын РИА Новости агенттиги билдирди.
Ага ылайык, автобус техникалык мүчүлүштүктөн улам күйүп кетиши ыктымал. Андан сырткары, унаанын жылытуучу жабдыгы болбогону, коопсуздук эрежесин сактабагандык, көп кишини салып алуу, жүк салуучу бөлүктү тосуп салуу жана өрткө каршы жабдыктардын иштен чыгышы да себеп болушу мүмкүн экени айтылат.
1-февралдан тарта Өзбекстандын жол кыймылы коопсуздугу мамлекеттик кызматы менен ИИМдин өрткө каршы күрөшүү кызматы элди чет жакка ташыган автобус менен кичи автобустардын техникалык абалын текшерет.
Ал эми расмий Астана кырсык кокустуктан улам келип чыкканын билдирген.
Каргашалуу окуя 18-январь күнү Актөбө облусунун Самара — Шымкент унаа жолунда "Икарус" үлгүсүндөгү автобус жүрүп бара жаткан жеринен өрттөнүп, 57 кишинин бешөө гана аман калган.