БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Россиялык артист жана куудул Михаил Галустян Хабиб Нурмагомедовго Чеченстан башчысы Рамзан Кадыровдун үнү менен "жолуң менен бара бер" деп тилегин айтты. Бул туурасында Sputnik Армения билдирди.
Артист кайрылуусун Instagram баракчасына жарыялады.
"Хабиб, сен эми азаматсың да. Айтып коёюн, сен жакшы жигитсиң, жакшы балбансың. Бирок эскертип кое турган нерсе — менин жолумдан чыкпа, күрөшөм деп убара болбо, иничек", — деген Галустян Чечен башчысы Рамзан Кадыровду туурап.
Хабиб Нурмагомедов 23-24-январда Бишкекте болду. 24-январяда күйөрмандары менен жолуккан. Спортчу бир нече миңдеген кишилердин келгенине абдан таңгалганын жашырган эмес.
UFC жылдызы Нурмагомедовду Бишкекте кантип тосуп алганын Sputnik даярдаган видеодон көрсөңүз болот.