00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
2 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
4 мин
Утро хорошего дня
XV фестиваль «Русская премьера»: как школьники Кыргызстана переосмысливают творчество Пушкина на театральной сцене
06:05
40 мин
Күн башат
Бишкектеги жол тыгынын чечүү сунушталды — жаңы эстакадалык жол, коомдук транспорт, метро
07:04
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Утро хорошего дня
Как стать волонтёром: путь от желания помочь до реальных действий
08:04
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
5 мин
Күн башат
Бишкек музыкалык-педагогикалык колледжи институт макамын алды — эми эмнелер өзгөрөт?
09:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Будь в курсе
Что угрожает плодородию земель КР и как это исправить?
12:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Мобилдик банкинг аркылуу акча которууда комиссиядан бошотуу чет элдик валюталарга жайылтылбайт
13:04
24 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Кол өнөрчүлүк менен туризмди айкалыштыруу аракети - маданий туристтик продукт түзүү тууралуу сынактын шарттары
13:31
27 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Какие древние тексты рассказывают об истории кыргызов? — беседа с историком
14:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Сууга бай кыргызстанда сугат маселеси кандай? - Ирригация тармагын өнүктүрүү боюнча коюлган тапшырма кандай аткарылып жатат?
15:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
ОГО! Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
Великие утраты: Мамбет Мамакеев и Эрнст Акрамов, снос "хрущёвок" и Как защитить медиков и навести порядок с электросамокатами?
16:04
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:04
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Об экономике и не только
с Кубатом Рахимовым
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Спортбокс
Спорттук экипировкаларды тандоодо эмнеге көңүл буруу кажет?
19:06
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
20:06
52 мин
Ачык кеп
Сууга бай кыргызстанда сугат маселеси кандай? - Ирригация тармагын өнүктүрүү боюнча коюлган тапшырма кандай аткарылып жатат?
23:04
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

"Алп алтайлыктар менен жапалдаш бойлуу кыргыздар". Сүрөттөгүлөр ким?

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүБүркүтчү. Архив
Бүркүтчү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акыркы күндөрү интернетте алп баатырлардын сүрөтү талкууга түштү. Сүрөт чындап эле Ысык-Көлдө тартылганбы, баатырлар ким? Sputnik Кыргызстан агенттиги аныктап чыкты

БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Кыргызстандагы интернет колдонуучулар бою эки метр болгон жигиттер менен жапалдаш бойлуу кишилердин чогуу түшкөн сүрөтүн катуу талкууга алышты.

Анда узун бойлуулар алтайлыктар, кыскалары кыргыздар экени айтылган. Андан сырткары, сүрөт Ысык-Көлдөгү Курманжан датка атындагы Көчмөн цивилизация борборунда 2016-жылы өткөн Алтай цивилизациясы форуму учурунда тартылганы айтылган.

Sputnik Кыргызстан агенттиги Көчмөн цивилизация борборунун директору Аида Алымова менен байланышканда бул сүрөттү ага бир топ киши жибергенин маалымдады.

"Сүрөт биздин борбордо тартылган эмес, ошентсе да имараттар аябай окшош экен. Бизде жерге төшөлгөн таштын өңү башка, терезелер дагы чоң. Бул сүрөт былтыр биз Алтайга барганда тартылганбы деген да ой кетти. Бирок кийинчерээк маалым болгондой сүрөттөгүлөр Казакстандын "Арлан" театрынын актерлеру болуп чыкты", — деди Алымова.

Орус окумуштуулар — түрколог Виктор Бутанаев менен археолог Юлий Худяков маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Окумуштуулар: хакастар азыркы кыргыздарды Энесай кыргыздарынын тукуму деп эсептебейт
Ал ошондой эле сүрөт Москвада тартылганын тааныштары маалымдаганын айтты. 2016-жылы 19-20-сентябрда Москвадагы ВДНХ аймагында "Казак этноайылы" ачылган. Сүрөттөгү баатырлар менен чогуу түшкөн кишилердин бирөө Ысык-Көл облусунун тургуну болушу ыктымалдыгын кошумчалады.

"Арлан Жете" улуттук костюмдар театрынын директору Асхат Халимов сүрөттө актерлор экенин тастыктады.

"Эгер сүрөттү оңдон солду карай карасак актерлордо гундардын, кыпчактардын жана казактардын кийимдерин көрүүгө болот. "Арлан" театрынын балдары. Бул Москва дагы эмес. Себеби, сүрөттөгү эки актер Казакстандын ичиндеги гана иш-чараларга катышат. Ошондуктан сүрөт Казакстанда тартылган деп айта алам. Анткени соот киийп турган актердун ордуна ВДНХга мен баргам", — деди Халимов.

Ал ошондой эле театрдын актерлору иш-чараларга Казакстандын атынан катышарын кошумчалап, театрга бою 2 метрден узун болгон актерлор тандаларын айтты.

Ачык булактарындагы маалыматтарга ылайык, театрдын коллекциясында түрк элинин баатырларынын жүздөгөн кийимдеринен тарта хан менен кагандардын кийимдерине чейин бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0