БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Премьер-министр Сапар Исаков 22-25-январда Давос шаарында (Швейцария) өтүүчү Дүйнөлүк экономикалык форумдун 48-сессиясынын ишине катышуу үчүн учуп кетти. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Форумдун алкагында бир катар эки тараптуу жолугушуулар пландалган. Анын ичинде ири эл аралык компаниялардын жетекчилери менен жолугушуусу күтүлүүдө.
Кыргызстандын делегациясынын курамында КРдин Швейцариядагы элчиси Данияр Мукашев, премьер-министрдин кеңешчилери Талант Султанов, Гүлнур Төралиева, өкмөт аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы Айбек Айдарбеков жана "Кыргызтелеком" ААК директорлор кеңешинин төрагасы Азиз Солтобаевдер бар.