БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Нидерланддар менен Бельгияда болгон катуу шамал кеминде эле эки кишинин өмүрүн алганын РИА Новости агенттиги эки мамлекеттин полициясына таянуу менен билдирди.
LIVE: Weeralarm nu ook in Overijssel en Gelderland ingetrokken: De zware storm die over het land raast heeft in Olst, Vuren en Enschede aan drie mensen het leven gekost. Vanochtend begon de storm bij de kust van ons land, met een windkracht 11 gemeten… https://t.co/UJ6AR3WtJf pic.twitter.com/K1WHqN1cZi
— deStentor_Veluwe (@ds_Veluwe) 18 января 2018 г.
Полициянын маалыматына ылайык, Оверейссел провинциясында кулаган бак эки кишини басып калган. Гелдерланд провинциясында дагы бир киши каза болуп, экинчиси оор жаракат алган.
Soir гезитинин жазышынча Бельгияда кулаган бак аялды басып калган.
Deutschewelle басылмасынын Facebook баракчасына бороондун видеосу жарыяланды. Анда катуу шамал кишилерди жана үйдүн чатырларын камгактай учуруп жатканын көрүүгө болот.