БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Жаңы курулган жолго 5 жыл кепилдик бериле турганын президенттин маалымат кызматы билдирди.
Өзгөртүүлөр киргизилген "Автожолдор тууралуу" мыйзамга өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков кол койду.
Эми мыйзамга ылайык, жол курууга белсенген подрядчы ага беш жылдык кепилдик бериши шарт. Ал эми реконструкцияланган жана кайра оңдолгон жолдорго мурункудай эле 3 жыл кепилдик берилет.
Мыйзам 15 күндөн кийин күчүнө кирет.