БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Бүгүн Талас облусунда Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган юбилейлик иш-чаралардын бет ачары өтөрүн өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Билдирүүгө караганда, ачылыш аземине премьер-министр Сапар Исаков катышат.
"Өкмөт башчы Кара-Буура районунун Шекер айылында залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган юбилейлик иш-чаралардын ачылышына барат. Мындан тышкары, Талас мамлекеттик университетинин эмгек жамааты жана студенттери менен жолугушат", — деп айтылат маалыматта.
Улуу жазуучу Чыңгыз Төрөкулович Айтматов 1928-жылы Талас облусунун Шекер айылында туулган.