Жекшембиге карата аба ырайы

© Фото / Азамат АйтбаевЖаратылыш. Архив
Жаратылыш. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге чейин жетет

БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. Жекшемби күнү Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде туман түшө турганын Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге чейин жетет.

Чүй, Талас өрөөндөрүндө, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында 2…7 градус жылуу болот. Ысык-Көлдө күндүн табы 1…6 градуска чейин көтөрүлсө, Нарында 4…9 градус суук болору айтылды.

Бишкек шаарында 3…5, ал эми Ош калаасында 5…7 градус жылуу болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0