БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. Ош — Баткен — Исфана жолунда HOWO унаасы кырсыкка учурап, жүктөп бара жаткан күйүүчү майдын 5 тоннасы жолго төгүлгөнүн Sputnik Кыргызстан агенттигинин жергиликтүү кабарчысына айдоочу өзү билдирди.
![Ош — Баткен — Исфана жолунда HOWO унаасы кырсыкка учурап, жүктөп бара жаткан күйүүчү майдын 5 тоннасы жолго төгүлгөнүн Sputnik Кыргызстан агенттигинин жергиликтүү кабарчысына айдоочу өзү билдирди Ош — Баткен — Исфана жолунда HOWO унаасы кырсыкка учурап, жүктөп бара жаткан күйүүчү майдын 5 тоннасы жолго төгүлгөнүн Sputnik Кыргызстан агенттигинин жергиликтүү кабарчысына айдоочу өзү билдирди - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103715/03/1037150335_0:351:4160:2966_600x0_80_0_0_53cdfc06df0d7e9e5b03abfac8bd30b1.jpg)
![Маалыматка караганда, Оштон Лейлекке бара жаткан унаа эртең менен саат тогуздар чамасында Баткендин Мин-Булак айылында кырсыкка учураган Маалыматка караганда, Оштон Лейлекке бара жаткан унаа эртең менен саат тогуздар чамасында Баткендин Мин-Булак айылында кырсыкка учураган - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103715/03/1037150318_0:0:4159:2614_600x0_80_0_0_783afa0e41d44b9747dbf17552f512b7.jpg)
Маалыматка караганда, Оштон Лейлекке бара жаткан унаа эртең менен саат тогуздар чамасында Баткендин Мин-Булак айылында кырсыкка учураган.
"Мен өз жолумда кетип бара жатканда артымдагы Honda Accord унаасынын айдоочусу кууп өтүүгө аракет кылды. Ага жол берүүгө аракет кылып, рулду буруп жибергенде жол жээгиндеги тосмого унаам жарым-жартылай чыгып кетти. Ичинде беш адам бар жеңил машинанын айдоочусу токтобостон качып кетти", — деди айдоочу Малик Токтобаев.
Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмүнүн үгүт-насаат тобунун тескөөчүсү Чолпонбай Арстанбековдун айтымында, унаага 29 жана 9 тонналык эки цистерна чиркелген.
"Биринчи цистерна жабыркаган жок. Экинчиси тешилип калып, беш тоннадай май төгүлүп калды. Калганын улам бир идишке куюп жатып алып калдык", — деди Арстанбеков.
Алдын ала маалыматтарга караганда, кырсыктан жабыркагандар болгон жок.