БИШКЕК, 5-янв. — Sputnik. Бишкек шаарындагы жаңы жылдык кооздуктар 14-январдан тарта жыйнала баштайт. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.
Болжол менен ошол күндөрү негизги балаты дагы алынат.
Башкы балатыны, Ала-Тоо аянтын жана шаардын көчөлөрүн кооздоого жалпысынан 15 миллион 580 сом сарпталган.
Борбордук аянтты көркүнө келтирүүгө 2 миллион 800 миң сом бөлүнгөн. Ал акчага жети балаты, үйдүн формасындагы эки декоративдик конструкция, 12 торшер, "2018" деген диоддук жарыгы бар конструкция алынган.
Бул жылкы эң көп каражат, тагыраагы, 9 миллион сом диоддук лампалары бар базалык жабдууга кеткен.