БИШКЕК, 5-янв. — Sputnik. Раиса Атамбаевага Жогорку аттестациялык комиссиянын президиумунун токтому менен профессор илимий наамы ыйгарылды. Бул тууралуу аталган комиссиядан билдиришти.
© Фото / президиум Высшей аттестационной комиссии КРРаиса Атамбаевага Жогорку аттестациялык комиссиянын президиумунун токтому менен профессор илимий наамы ыйгарылды
![Присвоения ученого звания профессор Раисе Атамбаевой Присвоения ученого звания профессор Раисе Атамбаевой - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103713/39/1037133989_0:0:1600:811_600x0_80_0_0_d9d2fc098fc238cdfe062fc7f643d96c.jpg)
Раиса Атамбаевага Жогорку аттестациялык комиссиянын президиумунун токтому менен профессор илимий наамы ыйгарылды
© Фото / президиум Высшей аттестационной комиссии КР
Белгилей кетсек, Атамбаева докторлук ишин Кыргызстандагы өспүрүм кыздардын ден соолугуна байланыштуу темада 2016-жылы Россияда жактаган.
Жогорку аттестациялык комиссиянын президиуму Иса Ахунбаев атындагы кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын окумуштуулар кеңешинин Атамбаевага профессор наамын берүү сунушун бир добуштан колдогон.
Раиса Атамбаеванын илимий-педагогикалык стажы 26 жылды түзөт. Учурда Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында гигиеналык дисциплина кафедрасын жетектейт.
Анын 87 илимий эмгеги, анын ичинде 75 макала, бир монография, гриф менен жазылган окуу китеби, 5 окуу-методикалык сунуш жана 17 илимий макаласы жарык көргөн.