БИШКЕК, 1-янв. — Sputnik. Жаңы жыл түнү Бишкектин чок ортосунан 27 бала жоголуп кеткенин борбор калаанын милициясы билдирди.
Майрам маалында жашы жете элек баалдардын иши боюнча инспекциянын кызматкерлери “Ала-Тоо” аянтынан адашып кеткен 27 баланы таап, ата-энесине кайтарып беришкен.
Шаардын борбордук бөлүгүндө майрам негизинен коогасыз өткөнү белгиленди.