27-декабрга караган түнү Чүй облусуна жааган кардын бийиктиги 20 сантиметрге жетти. Шаарды тазалоого кар чогулткан 19, кум сепкен 2, кар жүктөгөн 5, ар кыл 3 техника жана беш "Беларусь" трактору чыкты.
Таңкы төрттөн баштап техника менен кызматкерлер күчөтүлгөн тартипте иштеп жатышат. 516 жумушчу жолдорду, тротуар, аялдамаларды тазалоодо.

27-декабрга караган түнү кар калың жаап, бир ирмемде шаарды "сыйкырлап" койду

Калаанын көчөлөрүн тазалоого "тазалыкчылар" таңкы төрттөн баштап чыгышты

Жаңы жылды карсыз тособузбу деп чочулап жаткан шаардыктардын кубанычында чек жок

Соцтармактарда чыныгы кыштын миңдеген сүрөттөрү пайда болду

516 жумушчу шаарды тазалап жатат

Кардан улам жол кыймылында кыйынчылыктар жаралды

Жолдун чети, тротуарлар, аялдамаларды тазалоодо тыным болгон жок

Кыш, кыз, сулуулук...

Синоптиктердин божомолу боюнча мындай аба ырайы дагы бир суткадай сакталат

Шаарды тазалоого кар тазалаган 19, кум сепкен 2, кар жүктөгөн 5 техника чыкты

Эки-үч күндөн кийин күн кайрадан жылый турганы айтылды

Жаңы жыл майрамында да күн мемиреп берет дешти

Шаардыктар мындай карды көпкө күтүшкөн

Жаңы жылга саналуу күндөр калганда жаратылыш ак карга оронду