БИШКЕК, 27-дек. — Sputnik. "5 каналдын" жамааты ишмердигин токтотуп жатканын кызматкерлер билдиришти.
28-декабрь күнү эфирге акыркы жаңылыктар түрмөгү чыгат. Саат 20.00дөгү жыйынтыктоочу берүүдө телеканалдын иши, мурунку жана азыркы кызматкерлери тууралуу баяндалат.
"28-декабрь күнү биз бардыгы кантип башталганын, жаңы кадамдардын кубанычы менен тааталдыгын эстеп, ишибиздин жыйынтыгы тууралуу сөз кылабыз. Дагы бир ирет сиздерге көңүл бурганыңыздар үчүн ыраазычылык билдиребиз. Акыркы жолу", — деп жазылат кызматкерлердин кайрылуусунда.
Эскерте кетсек, канал биринчи ирет эфирге 2007-жылдын 12-февралында чыккан.