2017-жылы дүйнөгө белгилүү болгон бир катар атактуулар баш кошту. Sputnik Кыргызстан агенттиги бактылуу түгөйлөрдүн сүрөттөрүн топтоду. 24.12.2017, Sputnik Кыргызстан
2017-жылы дүйнөгө белгилүү болгон бир катар атактуулар баш кошту. Sputnik Кыргызстан агенттиги бактылуу түгөйлөрдүн сүрөттөрүн топтоду.
Быйыл бир катар атактуулар баш кошуп, үй-бүлө курушту. Арасында футболчудан тарта ырчыга чейин бар. Мисалы футбол боюнча дүйнө жылдыщы Лионель Месси Антонелла Рокуццого баш кошту. Андан сырткары Алла Пугачова менен Максим Галкин, Яна Рудковская менен фигурист Евгений Плющенко чиркөөдө никелешти.
Футбол жылдызы Лионель Месси Антонелла Рокуццо менен баш кошту. Эки жаштын үйлөнүү үлпөтү 30-июнда Аргентинанын Росарио шаарында өтүп, тойго 250дөй киши чакырылган. Түгөйлөр 2000-жылдан бери чогуу жашап, эки уулду тарбиялап келишет. Учурда Антонелла кош бойлуу экенин билдирген
Алты жыл расмий түрдө чогуу жашагандан кийин россиялык ырчы Алла Пугачева менен теле алып баруучу Максим Галкин чиркөөдө никелешти. Алардын бул салтанатына эгиз балдары Гарри менен Елизавета күбө болушкан. Ырчы экинчи жолу чиркөөдөн никелешип жаткандыктан эл алдында Кудайдан кечирим сураган
Теннис боюнча дүйнөнүн мурдагы чемпиону, америкалык теннисчи Серена Уильямс 16-ноябрда ишкер Алексис Оганянга турмушка чыккан. Үлпөт той Жаңы Орлеандагы Заманбап маданият борборунда болуп, ага миллион доллар кеткен. Түгөйлөр 1-сентябрда кыздуу болгон
Июль айында "Вашингтон Кэпиталз" хоккей клубунун капитаны Александр Овечкин сүйүктүүсү модель Анастасия Шубскаяга баш кошкон. Салтанат "Барвиха Luxery Village" концерт залында өткөн
Улуу Британияда Кембридж герцогинясынын кичүү сиңдиси Пиипа Миддлтон менен финансист Жеймс Мэттьюстун тою жылдын үйлөнүү үлпөтү болуп калган. Никелешүү салтанаты Беркширдеги Ыйык Марк чиркөөсүндө өткөн
Австралиялык супер модель, Victoria's Secret шоусунун мурдагы мүчөсү Мирранда Керр америкалык миллиардер Эван Шпигель менен май айында баш кошкон. 34 жаштагы модель ушуну менен экинчи жолу турмуш куруп жатат. 2010-2013-жылдары актер Орландо Блумга турмушка чыгып, 2011-жылы Флинн аттуу уул төрөгөн
Америкалык актриса, ырчы жана мурдагы модель Аманда Сейфрид актер Томас Садоски менен баш кошуп, кыз төрөгөн. Түгөйлөрдүн чиркөөдөгү никелешүү салтанатына ашыкча киши чакырылган эмес
Мейманкана кызматкерин зордуктаган деп айыпталган Эл аралык валюта фондусунун мурдагы жетекчиси Доминик Стросс-Кан быйыл төртүнчү жолу турмуш курду. Ал 49 жаштагы марокколук Мириам Л'Ауффирге баш кошуп, үлпөт тою Марракеште өткөн
Америкалык актриса, продюсер Жессика Честейн италиялык Жан Лук Пасси де Препосуло менен турмуш жолуна аттанды. Препосуло мода тармагындагы жарнама менен алектенет
"Игра престолов" сериалынын жылдызы Жейсон Момоа быйыл актриса Лиза Бонеге үйлөнгөн. Түгөйлөр 12 жылдан бери чогуу жашайт. Учурда бир кыз, бир уулду тарбиялашат