БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Азербайжандын президенти Илхам Алиевди туулган күнү менен куттуктаганын өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Алиев бүгүн, 24-декабрда, 56 жашка толду.
"Сиздин профессионалдуулугуңуз жана мамлекеттик маанилүү кызматтагы бай тажрыйбаңыз Азербайжандын өсүп-өнүгүшүн шарттап, анын эл аралык аброюн көтөрөт", — деп айтылат Жээнбековдун куттуктоо телеграммасында.
Ошондой эле өлкө башчы Алиевге чың ден соолук жана мамлекеттик маанилүү ишинде ийгиликтерди каалаган.