Иманалиев: энергияны үнөмдөй турган курулуш материалдарын колдонуу учур талабы
Энергияны үнөмдөй турган курулуш материалдарын колдонуу учур талабы. Бул тууралуу Данияр Иманалиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, энергияны үнөмдөй турган материалдар Кыргызстанда колдонула баштады.
"Бүгүнкү күндө биздин ишкерлер энергияны үнөмдүү кыла турган курулуш материалдарын өлкөгө алып келе башташты. Аларды колдонуу менен энергияны кыйла эле үнөмдөп, чыгашаны азайтса болот. Мындан сырткары, энергияны үнөмдүү кыла турган курулуштарды колдонуу менен имарат курууга гранттар дагы берилүүдө", — деди Иманалиев.
Ал күндөн энергия алуучу жабдуулардын баалары арзандап калгандыгын кошумчалады.