БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. Санкт-Петербург шаарында террактыны уюштурууга камынып жаткан топту кармоо иш-чарасы АКШ менен Россиянын кызматташуусунун үлгүсү деп Дональд Трамп айтканын РИА Новости жазды.
"Кечээ мага Россиянын президенти Путин телефон чалып, ЦРУнун террорчулар тууралуу маалыматы үчүн ыраазычылыгын билдирди. Бул ишти алдын албаганда балким, миңдеген адамдар каза тапмак. Менимче, терроризм менен күрөшүү жаатында мамлекеттер арасындагы кызматташуу дал ушундай болушу керек", — деген Трамп Вашингтон шаарында сүйлөп жатып.
Россиянын Федералдык коопсуздук кызматынын маалыматына караганда, жашырынып жүргөн топко чет өлкөдө турган жетекчилери Telegram аркылуу буйрук берип келген.
План боюнча жан кечти 16-декабрь күнү өзүн шаардагы маданий борборлордун биринде жардырмак. Топтун жети мүчөсү 13-14-декабрда кармалган.