Рысалиев: жеңил-желпи ырлардан качышыбыз керек
Жеңил-желпи ырлардан качышыбыз керек. Бул тууралуу Токтогул Рысалиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, жаштарды жакшы ырлар менен тарбиялоо керек.
"Биз келечек ээлерин өзүбүздүн жүрүм-турумубуз менен үлгү болушубуз зарыл. Тагыраагы жеңил-желпи ырлардан качканыбыз туура. Эртең убакыт өткөндөн кийин артты караганда уялбай тургандай болушубуз керек", — деди Рысалиев.
Ал жаштардын арасында таланттуу инсандар көп экендигин кошумчалады.