Жаңы жыл күнү алданып калуудан өкүнүчтүү нерсе жок экен. Мындан үч жыл мурун Россияда жүрүп дал ушундай окуяга туш болгом. Иштеп жаткан жериме бир киши келип "менин аялым төрөп, тез арада Кыргызстанга кетишим керек болуп жатат. Бирок ордума бирөөөнү калтырбасам жумуштан коё бербейт. Тааныштарың барбы?" деди. Ошол убакта жаңы эле Кыргызстандан келип жумуш издеп жүргөн досумду сунуштадым. Ага медициналык справка алуу керектигин айтып 2500 рубль сурады. Ал акчаны мен берип, досума жолуктуруп, алар справка алганы кетишти. Арадан 3 саат өткөндөн кийин жанагы досум кайра келди "акчамды да, телефонумду да алып, бир жерге кирип кеткен бойдон жок" дейт. Ошол жерде жакамды кармап отуруп калдым. Ушуга окшоп шылуундардын торуна түшкөндөр Россияда жүздөп саналат. Элестетиңиз, бир жылда эле мекендештерибиз 97 миллион рублга алданып калыптыр. Эшектей иштетип эмгек акысын бербей жеп алгандардын ашказаны кантип оорубайт деп таң кала берем.
Мамлекеттик мүлк фондусунун жетекчиси Дүйшөнбек Зилалиев өкмөттүк трассада бомба коюлганы туурасында айткан эмесмин дейт. Көрсө, ал ИИМдин курсант кызына формасы боюнча "сын" айткан экен. Жаман оюмда, ошондо фигураңыз "бомба" экен десе, аны түз мааниде түшүнүп алган кыз УКМКга барып трассага бомба коюлуптур деген окшойт…
Президент Сооронбай Жээнбеков алгачкы расмий иш сапары менен коңшу Өзбекстанга барды. Мамлекет башчы бүгүн да Ташкентте эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт. Эмне дейбиз… Жеңил барып, жемиштүү кайтыңыз!
Мамлекет жетекчинин коңшу өлкөдөгү сапарынын алкагында кайсы жактарга барып, кимдер менен жолугушканына кызыксаңыз ийне-жибине чейин бул жактан тааныша аласыз.
Ушинтип коңшулук, туугандык мамилебиз жандана берсин десеңиз кесиптешим Таалайгүл Усенбаева даярдаган туугандар ортосундагы 7 "болбойтту" билип алгаңыз оң. Анан да элибиз келинди жөн эле алып кирип үйгө отургузуп койбостон босогодон аттагандан кызмат кыла баштаганга чейин өз ырымдарын жасаган. Келин алууда эмнелерди эске алуу керек? Заманга шылтап эле кыргыздын кылымдан бери келе жаткан каадаларын аттап кетпейли.
Суусамырда тартылган таберик сүрөт. Китеп алганы келген чабандардын сүрөтү 1972-жылы жайлоодон тартылып калган.
Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 69.68 (сатып алуу) жана 69.81 (сатуу) сомду түздү.
Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгүсү 43.50 сом, АИ-92 үлгүсүндөгүсү 40.60 сом, ал эми дизель майы 39.10 сомдон сатылууда.
Соңку сөз. Ууруну каракчы тонойт!
Ишиңиздерге ийгликтерди каалап Эламан Карымшаков.