Келин келди ак шөкүлө жамынып... Келин алууда эмнелерди эске алуу керек

© Sputnik / Владимир Пирогов / Медиабанкка өтүүВсемирный фестиваль эпосов народов мира в Бишкеке
Всемирный фестиваль эпосов народов мира в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргыз эли келин менен үйгө кут, ырыскы, береке да кошо кирет деп келин алуу каадасына өзгөчө маани берген. Каада сөзсүз той менен коштолот.

Келинди элибиз жөн эле алып кирип үйгө отургузуп койбостон босогодон аттагандан кызмат кыла баштаганга чейин өз ырымдарын жасаган. Дал ушул келин алуудагы жөрөлгөлөр тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине этнопедагог Абдыкерим Муратов жана кыргыз тилчи мугалим Жыпар Миңбаева айтып берди.

Босогодон көшөгөгө чейин

Вторые всемирные игры кочевников на Иссык-Куле - Sputnik Кыргызстан
Көлөкө жерге бакканбыз!.. Кыз узатууда эмнелерди эске алуу керек
Үйлөнүп жаткан жигит жоро-жолдош, жеңелери менен барып сүйүктүүсүн өз үйүнө алып келет. Мурда келинди ат менен алып келсе, азыр заман талабына ылайык түрдүү унаа менен алышууда. Келин келээрде кайненеси сандыкта сактаган көшөгөсүн белендеп, уулу менен келини жашай турчу бөлмөнүн бурчуна тартат. Көшөгө көбүнчө ак түстө болуп, ал үйлөнүү символу гана эмес, эки жаш узакка өмүр сүрсүн деген да белгини туюндурган. Айрымдары күлгүн, көгүш түстөгү көшөгө деле тагып коет. Келин босогодон аттаарда аны айылдагы нарктуу, көп төрөгөн очор-бачарлуу аял коштоп кирип, чачыла чачып, сары майдан ооз тийгизишет. Андан соң кайнене белендеген ак жоолугун салып, батасын берет. Көшөгөдө келиндин жанына аны коштоп келген жеңелери жана айылдын секелек кыздары, кайын сиңдилери отурат. Тойго келген эркектер көшөгөгө кирбейт, түз эле дасторконго өтөт. Ал эми аялдар көшөгөгө кирип, келиндин бетинен өөп, жоолук ырымдап чыгышат. Кирген кишинин ар бирине келин жүгүнөт. Бул учурда улуулар "ырыс-дөөлөттү келин бол", "алганың менен тең арып, тең кары", "сени менен кошо бул үйгө ырыскы, кут кирсин" деп батасын берет. Уул-келинге өкүл ата, өкүл эне коюлат. Алар өрнөктүү, элге кадырлуу адамдар болушу керек. Алардын негизги милдети — уул-келиндин экинчи ата-энеси болуу менен алардын ынтымак-ырашкерлигин сактоо, аларга камкордук көрүү болуп саналат.

Көшөгөдөгү жашоо

Келин көпчүлүк учурда көшөгөдө үч күн отурат. Айрым жерлерде эки жаштын никеси келин алган күнү эле кыйылса, түндүк аймактарда экинчи күнү кыйылат. Нике кыюуга үй ээлери, жаштардын жоро-жолдоштору, жеңелери күбө болот. Бир-эки күн болсо да алар кызын башка бүлөгө көндүрүп, кеп-кеңешин айтып, нике кыйылган күнү эртеси конок болуп узашат. Ошентип, эки-үч күн өтүп келген коноктун аягы сууй баштаганда жаңы бүлө көшөгөдөн чыгып кызмат кыла баштайт.

Келин келгенде сөзсүз жасалчу каадалар

Элден бата алып мал союлат (эчки, тоок сыяктуу жандыктар союлбайт, жок дегенде кой, козу союлат)

Нан жасалып, дасторкон даярдалат;

Көшөгө тартылат;

Ак жоолук салынат;

Нике кыйылат;

Өкүл ата, өкүл апа дайындалат.

"Чач өрүү"… Айрым аймактарда жасалган каадалар

Кийим көргөзмөсү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Шүгүр дейличи! Азыркы замандын келиндери эмнеге нааразы?
Ат-Башы, Алай сыяктуу бир катар аймактарда "чач өрүү" деген ырым бар. Ал үчүн атайын айылдын кадырлуу аялдары чакырылып, коноктолуп, андан соң келгенине үч күн болуп калган келиндин чачын өрүшөт. Келинди ортого отургузуп бир жагынан өкүл апасы, экинчи жагынан төрөп түшкөн, биринчи никеси менен бактылуу жашаган аял өргөн. Алар келиндин чачына сары май тийгизип, тең экиге бөлүп өрүп бүткөндө чачтын учуна ак кебез байлашкан. Андан соң өкүл апасы даярдап келген чачыласын чачат. Бул учурда аялдар келинге бата берип, алкап отурушат.

Түштүк тарапта "кемпир өлдү" деген жөрөлгө бар, анда келин келе жатканда бир аял "өлүп", эшикти тосуп туруп алат, аны үйлөнүп жаткан баланын жоро-жолдоштору жолдугун кылып, акча тыйын ыроолоп тургузушат.

Жаңылыктар түрмөгү
0