Жайлоодогу көчмө китепкана. Суусамырда тартылган таберик сүрөт

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, тарыхын баяндайт

Китеп алганы келген малчылардын сүрөтү 1972-жылы Суусамыр жайлоосунда тартылып алынган. Союз мезгилинде бийлик атайын акча бөлүп, унаалар менен китептерди бийик тоолуу аймактарга жеткиртип турган. Мындай аракеттер калктын сабаттуулугун жоюу максаттында жасалып келген.

Мамлекеттик китеп палатасынын директору Койчуман Момункуловдун айтымында, ошол жылдары аймактарга байма-бай адабият, гезит-журналдар жеткирилип келген.

"Чабандарга кыргыз, орус тилиндеги китеп, гезит-журналдар жүк ташуучу унаа менен төрт мезгил бою жеткирилип берчү. Айрым учурларда аларды белгилүү акын, жазуучулар коштоп барып малчыларга чыгармаларын окуп беришчү", — деди Момункулов.

Ал учурда бул милдеттерди Кыргыз китеп мамлекеттик ишканасы аткарып, китеп чыгаруу, сатуу иштери менен алектенген.

Жаңылыктар түрмөгү
0