БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. Бишкектин чыгыш тарабында 14-декабрь күнү убактылуу ичүүчү суу берилбейт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.
Билдирмеге караганда, "Бишкексууканал" менен ТЭЦтин кызматкерлери бейшемби күнү Чүй проспектисиндеги Д-300 суукампасында оңдоо иштерин жүргүзөт.
Буга байланыштуу Достоевский, Фрунзе, Лермонтов жана Чүй көчөлөрү эртең мененки саат 9.00дөн 20.00гө чейин ичүүчү суусуз калат.
Ошондой эле "Кыргызэнергокурулуш" ишканасында, Лермонтов көчөсүндөгү "Народный" супермаркетинде жана "Бишкекжылуулук" ишканасына суу берилбейт.