БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. Аял-күйөө чатакташып, жубайы аны бычак менен коркутам деп катуу уруп алганын Бишкек ШИИБдин маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, аял чырга чекит коюу үчүн бычакты алып күйөөсүн демиткен.
Каргашалуу окуя 7-декабрда болгон. Ленин РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Арча-Бешик жаңы конушундагы үйлөрдүн биринде уруш болуп жатканы тууралуу билдирүү келип түшкөн. Аталган дарек боюнча барган милиция кызматкерлери кишинин сөөгүн табышкан. Кылмышка шектүү катары маркумдун аялы кармалган.
Аял жасаган кылмышын моюндап, убактылуу кармоо жайына киргизилген.