БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. Чүй облусунда поезд эки адамды коюп, бирөө каза тапты. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" ишканасынын сайтына жарыяланды.
Маалыматка караганда, "Бишкек I" жана "Бишкек II" темир жолунун 3777-чакырымында 30-35 жаштагы кишини тепловоз коюп кеткен. Учурда окуя кандайча болгонун укук коргоо органдары териштирип жатат.
Экинчи кырсык "Токмок" темир жол бекетинде болгон. 19-20 жаштагы кызды жүрүп бара жаткан маневрдук состав уруп кетип, бутунан жаракат алган. Учурда жабырлануучу ооруканада.
Поезд автоунааларга окшоп дароо токтой албайт, ал 500 метрден 800 метрге чейин жүрүп барып токтой турганын "Кыргыз темир жолу" ишканасы эскертет.