БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. 7-декабрда Ленин райондук ИИБдин нөөмөт бөлүмүнө саат 16:50дө үй-бүлөлүк жаңжал боюнча билдирүү келип түшкөн. Укук коргоо органдарынын кызматкерлери жерине барып эркек кишинин сөөгүн табышкан. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден кабарлашты.
Маалыматка караганда, окуя Арча-Бешик конушундагы үйлөрдүн биринде болгон. Жубайлар ортосунда жаңжал чыгып, 35 жаштагы аял жолдошун бычак менен сайып салган. Жабыркаган киши жараатынан улам Тез жардам кызматы келгенче көз жумган.
Аталган факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 97-беренесинин (адам өлтүрүү) негизинде кылмыш иши козголду. Шектүү аял убактылуу кармоочу жайга киргизилгени белгилүү болду.