БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. Талас облусунда өкмөттүн 2017-2026-жылдарга белгиленген кургак учукка каршы программасын ишке ашыруу кадамдары башталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Бул максатта Улуттук фтизиатрия борборунун адистери облустагы беш районду жана Талас шаарын кыдырып, кургак учукка каршы мекемелердин жетекчилерине жана үй-бүлөлүк дарыгерлерге сессияларды өтүштү.
"Таластык дарыгерлер оорулууларды амбулатордук жол менен дарылоо моделдери, дары-дармекти ташуунун жаңы ыкмалары жана сакайып кеткен оорулуулар үчүн Милдеттүү медициналык камсыздоо фондусу аркылуу медициналык кызматкерге төлөнө турган кошумча акы боюнча таанышты", — деп айтылат билдирүүдө.
Ушул айдын ортосунда өкмөттүн Таластагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн катышуусу менен кеңири жыйын өткөрүлүп, анда кургак учукка каршы кызматты оптимизациялоо маселеси каралмакчы.