БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. Президенттин аппарат жетекчисинин орун басары Элвира Сариева кызматынан бошотулуп, ордуна Алмамбет Салиев дайындалды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Тийиштүү Жарлыктарга президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон. Аталган кызматка 2017-жылдын февраль айында келген Сариева жумушунан берген арызынын негизинде кеткени айтылды.
Алмамбет Салиев буга чейин Сооронбай Жээнбеков премьер-министр кезинде өкмөт башчынын жардамчысы, андан кийин өкмөттүн коргоо, укук тартиби жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысынын орун басары болуп иштеп келген.
Салиев 34 жашта.