БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Алымбек Орозбеков Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик агенттигинин жетекчисинин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Тиешелүү буйрукка премьер-министр Сапар Исаков кол койгон.
Орозбеков 35 жашта. Ал буга чейин инвестицияларды жана экспортту өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттигин жетектеп келген.