Алтыбаева: 2010-жылы ПРООНдун координатору 17 миң доллар маяна алып турган
2010-жылы ПРООНдун координатору 17 миң доллар маяна алып турган. Бул тууралуу депутат Айнуру Алтыбаева парламентте сүйлөп жатып билдирди.
Анын айтымында, Глобалдуу фонддун акчасы максатсыз пайдаланылган.
"2010-жылы Кыргызстан үчүн абдан оор жыл болду. Ошондо Глобалдуу фонддун каражатын толугу менен ПРООН алып алган. Улуттук координатору өзүнө 17 миң, бухгалтерине 5 миң доллар маяна коюп, кеңсесин кымбат баага ижарага алышкан. Акчанын баарын өздөрүнө эле иштетишкен. Маселени парламентте көтөрүп жатып араң чечкенбиз", — деди Алтыбаева.
Ал мындайга кайра жол берилбеши керектигин кошумчалады.