БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаевдин бир тууган агасы көз жумду. Бул тууралуу эл өкүлү Аида Касымалиева кесиптешине көңүл айтып Тwitter баракчасына жазды.
У Жанара, только сообщили, что брат умер. Иса Шейшенкулович, и Вы примите мои глубокие соболезнования в связи с кончиной матери.
— Aida Kasymalieva (@a_kasymalieva) 4 декабря 2017 г.
Аталган маалыматты Акаевдин жакындары да тастыктады. Депутаттын агасы Тариел Акаев эмнеден улам каза болгону азырынча белгисиз. Ал Алай районунун Каблан-Көл айылында жашачу.
Жанар Акаев 9 бир тууган болгон.