Шаршембиге карата аба ырайы

Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет

БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Шаршемби күнү айрым жерлерде кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Ага ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.

"Бишкек менен Ош шаарларында кар жаап, абанын температурасы 2…4 градус жылыйт", — деп жазылат маалыматта.

Чүй, Таласта 5…6 градус суук болсо, Ош, Жалал-Абад жана Баткенде 4 градус сууктан 1 градуска чейин жылыйт. Ысык-Көлдө 2 градус жылуу, Нарында 1…6 градус суук болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0