Бакчиев: Манас угам дегендер каалаган убакта келсе болот
Манас угам дегендер каалаган убакта келсе боло тургандыгын Талантаалы Бакчиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Эске сала кетсек, Бишкек шаарында 7 күндүк Манас айтуу болуп жатат.
"Башынан бери Манас айтууну ачык өткөрүп келебиз. Түнү менен Манас угуп эртең менен жумушуна кеткендер болгон. Учурда төрт боз үй тигилген. Биринде Манас айтылса, экинчисинде манасчылар эс алат, үчүнчүсү ашкана болсо, төртүнчүсү конок үйү. Андыктан каалагандар үчүн эшик ачык", — деди Бакчиев.