БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Кыргызстандын автожолдор өткөн ашууларынын бардыгы ачык экенин Транспорт жана жолдор министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, "Төө-Ашуу" ашуусунда күн бүркөк, жол кардан тазаланып, кум себилген. Автоунаалардын өтүүсүнө эч кандай чектөө коюлган эмес.
Ош — Сары-Таш — Эркеч-Там каттамындагы "Чыйырчык", "Талдык", "Тоң-Мурун" үч ашуу дагы ачык. Айдоочулардын тайгаланбай өтүшү үчүн кум себилген.
Бишкек — Нарын — Торугарт жолундагы "Долон" жана Ат-Башы районундагы "Кызыл-Бел" ашуулары жеринде текшерилип жатканы министрлик тараткан маалыматта айтылат.
Ал эми Каракол — Эңилчек жолундагы "Чоң-Ашуу" автоунаалар үчүн ачык. Жол кардан тазаланып жатат.