Италиянын Сан-Ремо курорт шаарчасынан суу куюну өткөн.
Жаратылыш кырсыгы тартылып алынган видео YouTube каналына жарыяланган. Жергиликтүү ЖМКлардын маалыматына ылайык, куюн деңиз жээгинен алыс эмес жерде пайда болуп, андан соң шаарга чейин жеткен.
Анын кесепетинен дүкөндөрдүн терезелери сынып, үйдүн чатыры, транспорттук каражаттар жана электр чубалгылары жабыркап, үч адам жаракат алган.