БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Ирандык Сахар Табар америкалык актриса Анжелина Жолиге окшошом деп аракет кылганы үчүн бир заматта интернет жылдызына айланды. Бул тууралуу CNN Turk телеканалы билдирди.
Ал актрисага окшошом деп бетине 50 пластикалык операция жасатып, 40 килограммга чейин арыктаган. Мындан тышкары, мурдун, кашын, жаагын өзгөртүп, эринин калыңдаткан.
Табардын Instagram баракчасына жазылгандардын саны 300 миңден ашты. Анын жашоосунда эмне болуп жатканын билүүгө кызыккандар күн сайын өсүүдө.