ЖАЛАЛ-АБАД, 28-ноя. — Sputnik. 27-ноябрда түнкү саат 02:50 чамасында Сузактын Беш-Мойнок айылында 38 жаштагы жергиликтүү тургунду белгисиз айдоочу коюп кеткен. Бул тууралуу облустук Кайгуул милиция бөлүмүнүн уюштуруу жана үгүт иштери боюнча кызматкери Нурлан Саркаров билдирди.
Анын айтымында, окуя Ош — Бишкек автожолунун 582-чакырымында катталган.
"Белгисиз айдоочу жолдо бараткан 38 жаштагы жергиликтүү тургунду коюп кетип, окуя болгон жерден изин жашырган. Тилекке каршы жергиликтүү тургун окуя болгон жерде каза болгон", — деди ал.
Учурда милиция айдоочуну издеп жатат.