Жээнбековдун президенттик кызматка киришүү аземи "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясынын "Энесай" үйүндө өтөт.
Салтанатка 450 адам чакырылган. Иш-чара саат 10.00дө башталат. Инаугурация аземи өзүнө жаңы шайланган президенттин антын, ага өлкө башчынын күбөлүгүн, төш белгисин жана штандартын тапшыруу расмисин камтыйт.
Инаугурациянын соңу менен Кыргызстандын борбор калаасында үч ирет артиллериялык залп атылып, иш-чара Жогорку Кеңештин имаратында уланат.