Ар жыл сайын ноябрь айынын акыркы жума күнү ири соода борборлору арзандатууларды уюштуруп, буга байланыштуу дүкөндөргө агылган элдин саны көбөйөт.
Мунун айынан пайда болгон унаа тыгынынан бут коерго жер таппай калган учурлар аз эмес. Өзгөчө унаа кыймылына Айтматов проспектисинин Лев Толстой көчөсүнөн жогору жагында жана Токтогул, Москва көчөлөрүндө тоскоолдук жаралууда.