Жаңы президенттин ант берүү аземи "Ала-Арча" резиденциясындагы "Энесай" үйүндө өттү. Инаугурация аяктагандан кийин Атамбаев менен Жээнбеков Жогорку Кеңештин имаратын көздөй бет алып, экс-президент иш бөлмөсүн жаңы президентке өткөрүп берди.
Атамбаев Жээнбековду креслосуна отургузуп, колун кысты.
Кыргызстанда президенттик кызматтын мөөнөтү алты жыл.