00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
7 мин
Тема дня
Подготовка к перевыборам в 13 округе: какие уроки извлечены из аннулированного голосования
10:08
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Өлкөдө жумушсуздукту азайтуу жана жаштарды эмгек рыногуна тартуу боюнча иштер кандай жүрүүдө?
11:04
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
5 мин
Күн башат
Бишкек коопсуз, жашоого ыңгайлуу шаар — Башкы планда эмнелер камтылды?
13:06
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
12 жылдык окутуунун программасы жөнөкөйлөтүлөт — эмнелер өзгөрүүдө?
15:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Горы любят внимательных: как кататься в горах Кыргызстана без риска
16:04
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
Кулпунат Нуруйбекова: Мурда мугалим десе уялчумун азыр сыймыктанам
17:04
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Почему родители отказываются от лечения онкобольных детей в КР - беседа с главой отделения
18:07
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Топоз өндүрүүнү колго алуу кыргыз эт багытын өзгөртө алабы?
19:06
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
12 жылдык окутуунун программасы жөнөкөйлөтүлөт — эмнелер өзгөрүүдө?
21:04
43 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Соцтармак кызыктары: тойдун көркүн ачкан Малика Дина, боегу жуулган Асемова

© Sputnik / Табылды КадырбековБелгилүү ырчы Малика Дина. Архив
Белгилүү ырчы Малика Дина. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Артта калган апта ичинде эстрада жылдызы Сайкал Садыбакасова турмуш жолуна аттанса, Instagram жылдызы Айжан Асемова нукура жүзүн көрсөтүп соцтармактын талкуусуна түштү.

БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. Узаган жумада Бишкектик жигит "Элдин биримдиги үчүн мени кучакта" акциясын уюштурду. Ал эми улгайган абышка-кемпир үлпөт тоюн өткөрүштү. Sputnik Кыргызстан агенттиги интернет айдыңындагы ушул жана башка кызыктуу сүрөт, видеолор топтомун сунуштайт.

 

Публикация от bishkeknews (@bishkeknews) Ноя 20 2017 в 6:50 PST

 

1. Айжан Асемова макияжын жууганда. Россиялык белгилүү визажист Гоар Аветисян Бишкекке келип мастер-класс өткөрдү. Модель катары Instagram жылдызы Айжан Асемова тандалып алынган болчу. Селкинин нукура жүзүн мурда-кийин көрбөгөндөр аны сүрөт, видеого тартып алып какшык сөздөр менен интернетке жайылтып жиберишкен. 

2. Эмне өзгөрдү? Ошол эле Айжан Асемова өздүк баракчасына макияж жасалгандан кийинки сүрөтүн жарыялады. Канчалык өзгөрүү болгонун өзүңүз байкап көрүңүз.

3. Үлпөт тойдон бир ирмем. Бейшемби күнү ырчы Сайкал Садыбакасова менен теле алып баруучу Максат Доврановдун үлпөт тою Ошто 600дөй адамдын коштоосунда болуп өттү. Бул видео Сайкалды үйүнөн узатып жатканда тартылган. Ырчы апасы жана айылы менен көзүнө жаш толтура коштошту.

#тойТамаша #ТойдогуБИЙ.

Публикация от Расул Рахманалиев (@rasul_elfm) Ноя 16 2017 в 7:53 PST

4. Маликанын бийи. Албетте той ыр, бийсиз көркүнө чыкпайт. Бий жарышка чыккан Максаттын досу менен ырчы Малика Дина кечени шаңга бөлөптүр. Бул видео ресторанга барганга чейинки атайын жаштарга арналган оюн-зооктон тартылган.

5. Бийчи эне. Небере менен чоң эне популярдуу болуп жаткан "Зың-зың" ырына бийлешти.

Ата-әжелеріміз бақытты болсын👍 Маxаббат жасқа қарамайды!

Публикация от 🇰🇿© ZTB.KZ 2017 (@ztb_video) Ноя 18 2017 в 3:42 PST

6. Кеч калган үлпөт той. Ак көйнөк, капкара костюм-шым кийген эки жаш улгайып калганына карабай үлпөт тоюн өткөрүштү. Аларды коштоп жоро-жолдоштору келген.

7. Ынтымак үчүн мени кучакта. Бишкектик жигит Казакстандын желегин оронуп алып эл көп жүргөн тротуарга чыккан. Ал көзүн таңып, тактайчага "Эгер сен элдин биримдиги үчүн болсоң мени кучакта" деп жазып алган.

8. Мөңгүлөрдү казууга жол ачкан мыйзамдын парламенттен колдоо табышы коомчулуктун нааразычылыгын күчөттү. Чет өлкөдө жүргөн жаштар да "мөңгүнун талкаланышына каршыбыз" деп видео кайрылуу жасашты.

Жаңылыктар түрмөгү
0