00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Выбрать профессию в эпоху перемен: чем привлекают вузы на выставке евразийского образования
08:05
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
5 мин
Күн башат
Чыгармачылык билим жана кадр даярдоо: музыкалык-педагогикалык институттун ролу
09:06
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Как живут и на что имеют право иностранные мигранты в Кыргызстане
10:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Микрокредитти кантип туура колдонуп, карызга батып кетүүнү алдын алса болот?
11:04
28 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Ачык, так жана ыкчам: уруктук чарбаларга дотация берүү механизми
13:05
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
От Рима до Вавилона: почему рабовладение стало основой экономики - беседа о социуме
14:05
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
ЕАЭБде халал продукциясын өз ара таануу системасы кандайча иштейт?
15:05
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
От «Газводы» до арт-объекта: как обновляли исторический павильон «Ак-Суу»
16:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Балдарга китеп жазып эле эмес, эмгекчилдиги менен да үлгү болгон Сулайманов
17:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Об экономике и не только
c Кубатом Рахимовым
18:06
0 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
Деньги и наставничество: зачем Кыргызстану закон о венчурных инвестициях
20:07
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
ЕАЭБде халал продукциясын өз ара таануу системасы кандайча иштейт?
21:05
46 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Алматыда уурдалган авто КРдин УКМК кызматкеринен табылды

© Фото / Сакен АхматовУгнанный в Алматы Lexus 570
Угнанный в Алматы Lexus 570 - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда жол тандабасты УКМКнын кызматкери айдап жүргөн. Аталган факты боюнча тергөө ишин үч укук коргоо органы жүргүзүп жатат

БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. Алматыда уурдалган Lexus 570 үлгүсүндөгү унаа Бишкектен табылып, артка кайтарылбай жатат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына унаанын ээси Сакен Ахматов билдирди. Анын жол тандабасын 2017-жылдын февраль айында машина базарлардын бириндеги унаа токтотуучу жайдан уурдап кетишкен. 

Алматынын полициясы унааны төрт ай издеп Кыргызстандын борборунан тапкан. Авто кыргызстандык айымдын атына жазылып, бирок машинаны анын УКМКда иштейт делген байкеси айдап жүрөрүн Ахматов белгиледи.

"Lexus 570 үлгүсүндөгү жол тандабасты 65 миң долларга сатып алгам. Аны үстүбүздөгү жылдын февраль айында уурдап кетишти. Видео жазылмасы дагы бар. 24-майда Карасай районунун ИИБи Кыргызстандын ИИМине кат жолдогон. 25-майда унаа Бишкекте экени аныкталган", — деди Ахматов.

ИИМдин уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан издөө иштери жүргүзүлүп, кыргызстандык А.А. аттуу кыздан авто алынган. Кийин унаа ИИМдин айып короосуна токтотулган. Жол тандабасты кыздын УКМКда иштейт делген байкеси айдап жүргөн. Ахматов унааны камакка алуу учурунда автосун тааныган. Ал эми атайын экспертиза жол тандабастын VIN-коду өзгөртүлбөгөнүн көрсөткөн.

© Фото / Сакен АхматовАлматыда уурдалган Lexus 570 үлгүсүндөгү унаа Бишкектен табылып, артка кайтарылбай жатат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына унаанын ээси Сакен Ахматов билдирди.
Алматыда уурдалган Lexus 570 үлгүсүндөгү унаа Бишкектен табылып, артка кайтарылбай жатат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына унаанын ээси Сакен Ахматов билдирди. - Sputnik Кыргызстан
1/2
Алматыда уурдалган Lexus 570 үлгүсүндөгү унаа Бишкектен табылып, артка кайтарылбай жатат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына унаанын ээси Сакен Ахматов билдирди.
© Фото / Сакен АхматовАнын жол тандабасын 2017-жылдын февраль айында машина базарлардын бириндеги унаа токтотуучу жайдан уурдап кетишкен.
Анын жол тандабасын 2017-жылдын февраль айында машина базарлардын бириндеги унаа токтотуучу жайдан уурдап кетишкен. - Sputnik Кыргызстан
2/2
Анын жол тандабасын 2017-жылдын февраль айында машина базарлардын бириндеги унаа токтотуучу жайдан уурдап кетишкен.
1/2
Алматыда уурдалган Lexus 570 үлгүсүндөгү унаа Бишкектен табылып, артка кайтарылбай жатат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына унаанын ээси Сакен Ахматов билдирди.
2/2
Анын жол тандабасын 2017-жылдын февраль айында машина базарлардын бириндеги унаа токтотуучу жайдан уурдап кетишкен.

"Мен машинамды алып кетүү үчүн Бишкекке 9-июнда бардык документтерди алып келгем. Бирок ал кагаздар толук каттоодон өтпөгөнүн айтышып, унааны беришкен жок. Мен Кыргызстандын ИИМине көп жолу кайрылуу катын жөнөттүм. Бирок маңдай терим менен тапкан акчага алган унаамды бербей жатышат. Анын үстүнө А.А. аттуу кыздын байкеси УКМКда иштей турганын айтып, унаамды алалбай турганымды билдирди", — деди Алматынын тургуну.

Sputnik Кыргызстан агенттиги УКМКга ушул маселе боюнча кайрылганда, комитеттин маалымат катчысы Рахат Сулайманов аталган факты боюнча кызматтык териштирүү жүрүп жатканын билдирди.

"Жетекчилик тарабынан Өздүк коопсуздук кызматына тапшырма берилди. Эгер айыпталып жаткан кызматкердин күнөөсү аныкталса мыйзам чегинде жооп берет", — деди Сулайманов.

Чемпионат Омской области по автомногоборью Слалом - Sputnik Кыргызстан
90-жылдардагы жылмайткан, муңайткан кылмыштар. Улам тонолгон элчи, адашкан "Жигули"
Ал эми Башкы прокуратуранын маалымат кызматы уурдалган унааны чын эле УКМКнын кызматкери айдап жүргөнүн ырастап, авто анын А.А. аттуу карындашынын атына жазылганын тастыктады. Бирок кылмыш иши такыр эле башка факты боюнча козголгон.

Башкы прокуратуранын сайтына жарыяланган маалыматка караганда, кылмыш иши Мурат жана Нурик деген адамдарга карата козголгон. Алар ишеничке кирүү менен жасалма документ аркылуу Lexus 570 үлгүсүндөгү унааны 2 миллион 771 миң сомго сатышкан. Шектүүлөр кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Жогоруда көрсөтүлгөн унаа негиздүү далил болгондуктан ИИМдин айып короосуна токтотулуп, тергөө иши бүтмөйүн чыгарылбай турганы белгиленген.

Жаңылыктар түрмөгү
0