Долбоорду ишке ашыруу башталып, ал үч фазага бөлүнгөн.
Биринчи фаза 154 чакырымды түзүп, Кызыл-Жылдыз, Арал, Казарман айылдары аркылуу өтөт. Ошондой эле Көк-Арт ашуусунда 3,7 чакырымга жеткен тоннель куруу каралган. Экинчи фазанын узундугу 96 чакырымды түзөт. Анда дагы 0,7 чакырымга жеткен тоннель курулат. Акыркы үчүнчү фазасы 183 чакырымга жетип, Балыкчыдан Кызыл-Жылдыз айылына чейинки аралыкты түзөт.
Учурда Кыргызстандын түндүгү менен түштүгүн бир гана Бишкек — Ош жолу бириктирип турат.

1/15
© Фото / Александр Федоров
Жалпы узундугу 433 чакырымды түзгөн альтернативдүү Түндүк — Түштүк жолу Балыкчы — Кочкор — Арал — Казарман — Жалал-Абад каттамы боюнча өтөт

2/15
© Фото / Александр Федоров
Долбоордун болжолдуу баасы 850 миллион долларды түзөт

3/15
© Фото / Александр Федоров
Жолдун курулушу башталган

4/15
© Фото / Александр Федоров
Учурда Кыргызстандын түндүгү менен түштүгүн бир гана Бишкек — Ош жолу бириктирип турат

5/15
© Фото / Александр Федоров
Жаңы жолдун эң бийик жери Көк-Арт ашуусунда жайгашкан. Ал деңиз деңгээлинен 2 миң 500 метр бийиктикте турат

6/15
© Фото / Александр Федоров
Түндүк — Түштүк альтернативдүү жолун салуу иштери 2014-жылы президенттин тапшырмасы менен башталган

7/15
© Фото / Александр Федоров
Долбоорго ылайык, бул жол 2018-жылы колдонууга берилиши керек

8/15
© Фото / Александр Федоров
Бирок түзүлгөн кырдаалга ылайык жолду пайдаланууга берүү мөөнөтү эки жылга жылган

9/15
© Фото / Александр Федоров
Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калиловдун айтымында, жолго асфальт төшөө ыкмасы жаңы технология менен ишке ашууда. Мындай ыкма Кыргызстанда биринчи жолу колдонулууда

10/15
© Фото / Александр Федоров
Ал жолдун кызмат кылуу мөөнөтүн бир жарым эсе узартат

11/15
© Фото / Александр Федоров
Жолду Кытайдан "Чайна Роуд" компаниясы салууда

12/15
© Фото / Александр Федоров
Альтернативдүү жолдо 12 көпүрө курулат

13/15
© Фото / Александр Федоров
Бул жол Кыргызстандын экономикасы үчүн абдан маанилүү

14/15
© Фото / Александр Федоров
Жолдун курулушуна акчаны Дүйнөлүк банк берген

15/15
© Фото / Александр Федоров
Кыргызстандын бийлиги жолдун курулушун өлкөнүн жаңы тарыхындагы эң маанилүү долбоор экенин белгилешүүдө
