БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. 2018-жылы ажыга барчуларды каттоо тартиби биометрикалык паспорттун негизинде жүргүзүлөт. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы кийинки жылдагы ажылык иштерине даярдыктарды көрө баштады.
"Ажылык иштерин электрондоштуруу максатында 2018-жылдан тарта ажылык сапарга барчулар бир гана биометрикалык паспорт менен катталат", — деп айтылат маалыматта.
Муфтият ажыга барам дегендерди биометрикалык паспорт алууга чакырат.
Белгилей кетсек, быйыл Кыргызстан үчүн ажылык сапарга 4585 квота бөлүнгөн.