БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Талас районунун Кара-Суу айылында турак үй күйүп, кырсыктан 46 жаштагы үй ээси көз жумганын ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык, жыгач устундуу шифер жабылган үйдүн 91 чарчы метри болгон мүлкү менен өрттөнүп кеткен. Үй ээсинин күйүп калган сөөгүн кырсык болгон жерге келген куткаруучулар алып чыгып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Учурда өрттүн себептери такталып жатат.