БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Сокулук районунун Новопавловка айылында турак үйдүн үстүнө бетон плитасы түшүп кетип беш адам жабыркап, бир аял каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти.
Автокран курулуп жаткан турак жайдын үстүндө плита коюп жатканда тросс үзүлүп кетип, анын жанында жайгашкан үйдү басып калган. Окуя 10-ноябрда кечки саат 18.55те болгон.
Жабыркагандардын үчөө аял, бирөө эркек жана дагы бири жаш бала болгон. Алар Бишкек шаардык №4 ооруканага жаткырылган.
Окуя болгон жерге ӨКМдин үч куткаруучусу тартылган.