БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. Бишкек — Ош трассасында эки унаа кагышып төрт адам каза тапты. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ИИБден кабарлашты.
Маалыматка караганда, Volvo менен Mersedes-Benz үлгүсүндөгү унаалар Токтогул районунун аймагынан сүзүшүп кеткен. Анын кесепетинен бир адам мүрт кетсе, үчөө ооруканадан жан берген.
Учурда авто-техникалык экспертиза жүргүзүлүп жатат, анын жыйынтыгына жараша кылмыш иши козголор-козголбошу белгилүү болот.