БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин өлкө башчы Алмазбек Атамбаевди Санкт-Петербургда өтө турган эл аралык маданий форумга чакырды.
КР президентинин маалымат кызматы Атамбаев менен Путин телефон аркылуу сүйлөшкөнүн кабарлаган. Мамлекет башчылары эки тараптуу мамилелердин актуалдуу маселелерин талкуулашкан.
Санкт-Петербургдагы форум дүйнөлүк деңгээлдеги маданий иш-чара болуп саналат. Салтанаттуу ачылыш 17-ноябрга белгиленген.