Илим Карыпбеков: менден жүз эсе таза Темир кетип, мен тирүү калганыма уялам

© Фото / Илим КарыпбековВице-премьер-министр КР Темир Джумакадыров и глава КТРК Илим Карыпбеков
Вице-премьер-министр КР Темир Джумакадыров и глава КТРК Илим Карыпбеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргыз эли бычакка сап болчу жигити Темир Жумакадыровдон ажыраганына бүгүн туура бир ай болду.

Вице-премьер 7-октябрь күнү Бишкек — Кара-Балта жолунда унаа кырсыгына кабылып, 38 жашында дүйнө салган.

Жумакадыровду сыртынан тааныгандар оор басырыктуу, бир мүнөз адам катары билчү. Бирок анын шайырлыгы, ашынган жөнөкөйлүгү, чынчылдыгы жөнүндө эми угуп, таң калып отурган чагыбыз.

Темир мырзаны эскерүү үчүн анын эң жакын досу, КТРКнын генералдык директору Илим Карыпбеков менен маектештик.

— Акыркы жолу эмне жөнүндө сүйлөштүңөр эле?

Темир Жумакадыровдун тажиясынан сүрөттөр - Sputnik Кыргызстан
Асманда жанган жылдыз эле... Темир Жумакадыровдун тажиясынан сүрөттөр
— Кырсык болорго бир күн калганда КТРКга интервьюга келген. Ага чейин беш күндөй көрүшпөй сагынышып калыптырбыз, катуу кучакташып учурашканбыз. Күн сайын телефондон сүйлөшүп, күн алыс кезигип турган үчүнбү, айтор, беш күн биз үчүн көп убакыт болчу. Ошол күнү көзүмө өзгөчө жаркылдап көрүндү.

Ага чет өлкөгө чыккан сайын жакшы тамекилерден ала келчүмүн. Бул жолу Арменияга барып, ага эки куту тамеки, дагы бир досубузга япон вискисин ала келгем. Тамекини берсем, "тиги доско эмне алып келдиң?" деп сурады. Анын вискисин көрсөтсөм, "ай-ий бул сонун виски да, көптөн бери ушундай ичким келип жүрдү эле. Мен тамекини ага берип, вискини алайынчы" деди. "Экөөнү тең ала бер, тигиге бул жактан эле сатып берип коем, билбей деле калат" деп тамашаласам, көпкө күлүп, сүйүнүп калган. Чыгып баратып "эртең Таласка барам, келатканда өзүң тосуп алчы, чогуу тамактаналы" деп суранды. Ошентип эртеси сөөгүн тосуп алдым.

© Фото / предоставлено Илимом КарыпбековымИлим Карыпбеков: Темир менен 20 жыл мурда БУУнун долбоорунда чогуу иштеп калып таанышканбыз
Вице-премьер-министр КР Темир Джумакадыров и глава КТРК Илим Карыпбеков - Sputnik Кыргызстан
Илим Карыпбеков: Темир менен 20 жыл мурда БУУнун долбоорунда чогуу иштеп калып таанышканбыз

— Суук кабарды үй-бүлөсүнө ким угузду?

— Мен угузуп атпайымбы кашайып…

— Канча жылдан бери дос элеңер?

Презентация гелиоколлекторов  на территории КП Бишкектеплоэнерго в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио
Зилалиев: Темир Жумакадыровдун дүйнө салышы кыргыз өкмөтү үчүн абдан чоң жоготуу
— 20 жыл мурда БУУнун бир долбоорунда чогуу иштеп калып таанышканбыз. Анда экөөбүз тең университеттин акыркы курстарында окучубуз. Бизди Кербенге иштегени жиберишти. Ошондогу жашоонун, келечектин кандай кооз, кенен көрүнгөнүн айтпагыла. Экөөбүздүн тең жогорку билимибиз бар, англис тилинде эркин сүйлөйбүз, жашпыз… Керелден кечке чогуу жүрөбүз. Жашаган жерибиз дагы бир, бир бөлмөнү ижарага алчубуз. Суук күндөрү жатканда Темирди кучактап алчумун. Башында жинденип урушуп жүрдү. Кийин өзү деле көнүп калды (жылмайып).

Жаш кезинен эле шайыр, ачык мүнөз эле, анекдотторду улам бир кырдаалга жараша образга кирип айтып бергенде, тегеректегилер "кулап " калышчу. Анан мени менен гана ырдачу. Экөөбүз Сыймык Бекшекеевдин ырларын, өзгөчө "Сапырылган сары жалбыракты" созолонтчубуз.

— Бирок андай шайырлыгы көп билине берчү эмес, ээ? Мисалы сыртынан эле тааныган мага дайыма ой басып жүргөндөй сезилчү…

— Темир эч качан жеңил турмушта жашаган жок. Ата-эне, туугандарынын баары карапайым кишилер. Эч ким алдына даяр аш коюп, кызмат берип бөпөлөгөн эмес. Ушунчалык жогорку кызматта иштегени менен жашоо-турмушу катардагы мугалим же дарыгердикинен айырмаланчу эмес. Өмүр бою бир гана айлыкка жашады. 38ге чыгып биринчи жолу үйлүү болгон, аны дагы президент Алмазбек Атамбаевдин демилгеси менен ипотекага алган. Ал киши Темирдин тазалыгына, алдым-жуттум эместигине көзү жетсе керек, сен үйлүү болушуң керек деп ипотеканын алгачкы төлөмдөрүн өзү төлөп берген. Бирок ошол ипотеканы аягына чейин төлөп бүтө элек болчу. Калган акчасын көзү өткөндөн кийин кайра эле президент кутултуп берди.

© Фото / из архива Илима КарыпбековаТемир Жумакадыров жубайы жана кызы менен
Вице-премьер-министр КР Темир Джумакадыров с семьей - Sputnik Кыргызстан
Темир Жумакадыров жубайы жана кызы менен

— Кол алдында иштеген кыздар-балдардан дагы "Темир Курмангазиевич кээ бир учурда бизден карызга акча сурачу" дегенин угуп калдым эле. Бирок Кыргызстанда аткаминерлердин акчасыз калышы жеке мага жомоктой сезилген…

— Кээ бирөөлөрдөн карыз сурап кайрылып жүргөнү чындык. Андайын көргөндө, мен "Темике, сен чоң кызматтагы адамсың, майда-чүйдө карыз сураганыңды эл кандай түшүнөт? Андан көрө менден ал" деп керек болгон акчасын берчүмүн. Ошондо дагы байкушум "Илим, мунун баары карызга, кийин берем" деп жылмайып койчу.

Темирдикиндей кызматтарда иштеген адамдардын 20-30 костюму болсо, аныкы 3-4 эле костюму бар болчу. Кыздарың чоңоюп келатат, булардын келечегин дагы ойлошуң керек деп, ар кандай бизнес идеяларды айтсам, "келечекте баары жакшы болот, көрөсүң го. Такыр эле болбой калса сен барсың да" деп койчу. Анан дагы "Кыргызстан жакында конфетка болот" деген сөздү оозунан түшүрчү эмес.

Вице-премьер-министр Кыргызстана Темир Джумакадыров - Sputnik Кыргызстан
Темир Жумакадыров көзү тирүүсүндө жол кырсыктары тууралуу эмнелерди айткан
Ушул убакка чейин бир да жолу Темир кызматынан пайдаланып туура эмес жолго кетип калат деп корккон жокмун. Тескерисинче, менин жашоом дайыма өйдө-ылдый. Мен жаза басып Темирдин атына көө жаап албасам экен деп чочулап турчумун.

Негизи Темир билими, таржыйбасы менен эл аралык уюмдарда иштесе, май-талканда жашамак. Анткени ал кыргыз, орус тилинен тышкары, англис, испан тилдеринде эркин сүйлөчү. Стратегиялык, аналитикалык документтерди жазган жагынан алдына киши салчу эмес. Бирок ал өмүрүн мамлекетке арноону чечкен.

— Өзү машина айдачу беле?

— Өзүнүн 1996-жылкы эски машинасы бар. Дем алыш күндөрү ошону айдап алчу, башында эски кепка. МАИ токтотсо, документтерин алып чуркап жөнөчү. Тааныгандары ыңгайсыз болуп, "честь" беришчү. Тааныбаган жаш кызматкерлерден кечирим сурап, айдоочулук күбөлүгүн алдырып ийген күндөр канча болду… Кийин күбөлүк жетекчиликке жеткенде жүрөктөрү түшүп, кайра бере албай эле жүрүшчү. Элестетип көрсөңүз, килейген укук коргоо органдарын көзөмөлдөгөн Коопсуздук кеңешинин катчысы МАИчи тоссо токтоп, чыга калып кечирим сураганынын. Азыр кайсы чиновник ошентет?

— Жакшы адамдарды кудай эрте алат деген чын окшойт го. Бирок анын өлүмү кокустук болбошу мүмкүн дегендер чыгышты. Сиз кандай ойлойсуз?

— Темирге бирөө өлүм каалаган деген сөзгө ишенбейм, андай болушу мүмкүн эмес. Бирөөгө бут тосмок турсун, суз мамиле кылчу эмес. Эч качан мыйзамдан тышкары иш кылган жок. Мамлекеттик сырды, чогуу иштегендердин, өлкөнүн кызыкчылыгын эч качан саткан эмес. Мен деле башында жогору жакта эмне болуп жатканына кызыгып, сурап койчумун. Анда "Илим, аны эмне кыласың? Башка күнү айтып берем" деп койчу, бул анын айтпайм деген сөзү болчу. Кийин мен деле эч нерсесин сурабай калгам.

© Фото / предоставлено Илимом КарыпбековымИлим Карыпбеков: Темир образга кирип, анекдот айтканда, тегеректегилер "кулап" калышчу
Вице-премьер-министр КР Темир Джумакадыров и глава КТРК Илим Карыпбеков - Sputnik Кыргызстан
Илим Карыпбеков: Темир образга кирип, анекдот айтканда, тегеректегилер "кулап" калышчу

— Азыр үйүнө барып атасызбы?

Жумакадыровдун тажиясында Атамбаевдин көзүнө жаш тегеренди. Видео - Sputnik Кыргызстан
Жумакадыровдун тажиясында Атамбаевдин көзүнө жаш тегеренди. Видео
— Ооба, ата-энеси, жубайы бүт дүйнө урап калгандай эле Темирдин сүрөттөрүн тегеректеп отурушат. Улам бирөөнүн жүрөгү кармап ооруканага жатып чыгып жатышат. Башында ата-энеси баласынан ажырап калганына ишене албай "Илим, кырсыктан кийин сен туруп кеттиң го, Темир эмнеге турган жок?" деп сураганда, кирерге тешик таппай калым аттым. Мурда бирөөлөр ушинтип айтса таң калчумун, бирок чын эле менден жүз эсе таза, пендечиликке эч качан алдырбаган Темир досум кетип, мен тирүү калганыма уялдым.

— Келечекке кандай максаттары бар эле?

— Кийин кудай буюруп жер үйлүү болсом, ошонун огородун карап, эшигинин алдын шыпырып, тынч жашасам экен деп тилечү. Анан балдардын чоңоюп келатканын көргөндө "кыз берип, уул үйлөйбүз ээ" деп кыялданчу. Эми анын кыздарын да турмушка мен узата турган болдум. Бир заматтын ичинде өзүмдүн төрт балама кошуп жети баланын атасы болуп калдым. Мындай жол менен балалуу болсом деп тилеген эмес элем.

Жаңылыктар түрмөгү
0